Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке үч мектептин футболчулары катышып, Куу-Майдан айылынын футболчулары баш байгени багынтты.

Мелдеш уруш-талаштар менен коштолгонуна карабастан жаш окуучулар кызык оюн куруп беришти. Мелдешке Арбын, Ак Чабуу жана Нышанов мектебинин тандалган окуучулары катышты.

Мелдешке 6-7-8-класстын окуучулары катышты. Мелдеш Куу-Майдан айылындагы Нышанов мектебинде өттү. Жыйынтыгында 1-орунду Нышанов орто мектеби, 2-орунду Арбын орто мектеби, 3-орунду Ак Чабуу орто мектеби алды.

Жеңүүчүлөргө демөөрчү болбой калгандыктан сыйлык болгон жок, бирок жеңүүчү команда районго жолдомо алды.

Оюнчу Элмирбек Улукбек уулу «мындан кийин да ушундай оюндарды өткөзүп турса окуучуларга аябай жакшы болмок» дейт.

Даярдаган: Курсантбек уулу Азирет
Сынак үчүн
КХ