Быйылкы 11-класстын окуучулары алгебра, кыргыз тил сабактарынан Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) алдын ала даярданып, келечекте кайсы кесип ээси болуунун үстүнөн иштеп жаткан учурлары. Буга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө суроолорду узаттык.

Азиз Таалайбеков: Мен келечекте жол оңдоочу болуп иштесем деген ойлорум бар. Киийн келечекте Кыргызстандандын оңдолбой жаткан жолдорун оңдосом деген тилектерим бар. Эми ЖРТны жакшы тапшырып, өзүмдүн кыялымдагы кесиптин ээси болгум келет.

Толгонай Шамшыбекова: Мен келечекте Кыргызстандагы белгилүү врач болгум келет. Кыргыз элимде болгон ар кандай ооруларга каршы туруп, элимдин ден соолугу чың болушун каалайм.

Айдана Жаныбекова: Мен мектептеги мугалимдердин тарбия бергендерин көрүп суктанам. Мен кийинки муундарга кыргыз тил, адабият сабактарынан окуучуларга билим бергим келет.

Дилбар Асранкул кызы: Келечекте география жана физика сабактарынан мугалим болгум келет. Мен азыр буюрса ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, анан өзүм каалаган университетке өтсөм деген ой максаттарым бар.

Найза Мукамбетов: Мен келечекте бир гана Кыргызстанга эмес бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон журналист болгум келет.
Даярдаган: Наргиза Жолдошбек кызы, Саламат Мажик кызы, Изольда Жыргалбекова.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.
Сынак үчүн