М. Иманалиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Максат уулу Абаз коптөгөн сынактарга катышып келүүдө. Ал күндөн энергия алуучу жана тамчылатып сугаруунун макеттерин жасаган. Абаздын айтуусу боюнча бул нергсеге кызыгып калуусуна бир тууган эжеси себепкер болгон.

“Мен өрөөндүк Интеллектуал окуучу сынагында 1-орунду алдым. Андан Нарынга жолдомо алдым. Областтан 3-орунду алып, андан кийин Бишкекке баргам, ал жактан тамчылатып сугаруу макетин жасагам. “Алтын түйун”конкурсуна да катышып, 4-орунду алгам. Дагы “Кыштоодогу үй” макетин жасап, Чолпон-Атага бардым. Мен эжеме 6-7-класс кезимде макет жасоо боюнча эжеме жардам берип жүрүп, кызыгып калгам. ”

Кубатбек уулу Акай Абаздын классташы. Ал макеттерди жасоодо классташына жардам берип, көмөк көрсөтөрүн айтты:
“Абазга мен көп эле жардам берем. Анын ойлоп табуучулугу абдан күчтүү. Ал черчение жана орус тил сабагына кызыгат. Экөөбүз көптөгөн макеттерди чогуу жасайбыз жана жасап жаткан убакта бизге кыймылдаткычтар табылбайт. Кубаттуулугу 2-3 вольт болгон кыймылдаткычтар керек болот.”
Учурда Абаз DVD дисктерден энергия алуучу макетти жасаган. Ал үчүн DVDнин кыймылдаткычын жана дисктерди колдонгон. Алдыда дагы көп макеттерди жасоого пландары бар, бирок кээде тетиктерди табуу кыйынчылыкты жаратат дейт.
Даярдаган: Жанболот Курманбеков