Кызыл-Жылдыз айылында таза суу жок болгондуктан айыл эли Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө мажбур.

Таза суу жөнүндө айыл башчы Кыдырбек Абдырахмановго кайрылсак мындай деди:

“Союздун убагында 1990-жылдары таза суу чыгарылган,бирок бат эле иштебей калган.Азыркы учурда сууну агын суулардан алабыз.Лабараториялык текшерүүлөрдөн өткөндө сууну ичүүгө жараксыз экендиги аныкталган. “

“Ал сууда ичеги-карын ,сарык,ар-кандай аллергия оорулар айыл тургундарында жана анын ичинен кичинекей балдарда арбын катталууда” -деди бул айылдын мед айымы Аида Айткулуева.

“Таза суу жараксыз айыл тургундарын түйшүккө салып келет. Суу бизге алыс болгондуктан эшек менен ташуугуа туура келет. Ал жумуштар айыл тургундарына оор эле болот.”- дейт айыл тургуну Мелис Жумалиев.
Кызыл-Жылдыз айылына таза сууну 2017-жылы чыгарылары белгиленген.
Даярдаган: Нуржигит Муратбеков, Элдар Аманбеков