Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде жаңы күндөлүк ишке киргизилди. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген.
Сопиев мектебинин китепканачысы Жамиля Ашырбаеванын айтымында, бул жаңы күндөлүк мурункуга караганда жакшыраак болгон.
«Күндөлүк жакшы деңгээлде чыгарылган. Мурдагы күндөлүктөр ар башка эле. Ал эми азыркы жаңы күндөлүктөрдө мектебибиздин тарыхы, Сопиев агайыбыздын өмүр баяны жана сүрөтү коюлган”, — деп билдирди ал.
Биология мугалими Сален Сопиев күндөлүктүн чыгарылганы тууралуу буларга токтолду.

— Асан Сопиевдин аты унутулуп, анын өмүр баянын билбей баратканына байланыштуу жана бул мектепти кимдин күчү менен курулганын билбей жаткандыгына байланыштуу күндөлүк чыгарылууда. Ошондуктан өмүр баянын биринчи бетине Асан Сопиевдин элесин билип жүрүшсүн деп сүрөтү менен кошо койдук. Күндөлүктү чыгарууда өзгөчө мугалимдердин салымы күчтүү. Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Назира Өмүрзакова жана география мугалими Ороз Садабаев жана башка класс жетекчилер.
Андан сырткары күндөлүктө Тасма айылынын картасы жайгашкан жана ошондой эле ата-энелер менне окуучулардын милдеттери жазылган.
Сопиев мектебинин 9-классынын окуучусу Калия Болот кызы жаңы күндөлүк ыңгайлуу экендигин айтты.
“Күндөлүк мурун ар кандай болчу. Азыр күндөлүктүн сырттары окшош жакшы көрүнөт. Мага бул күндөлүк аябай жакты. Асан агайдын өмүр баянын так биле алдык. Мурунку күндөлүктөрдүн барактары ар кандай эле, кээ бирде окуу жылы бүткөнгө чейин жетпей калчу”, — деди ал.
Даярдаган: Бакберген Албанбай уулу, Гүлзар Курманбек кызы.
Сынак үчүн
НС