Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы жеке менчик шире сыгуучу жай иштегенине алты жыл болду. Учурда бул жерде үч адам иштейт.
Шире сыгуучу жайды иштеткен айыл тургуну Иляз Өзүбеков менен маек курдук.
Бул жерге элдер көбүнчө эмнелерди алып келишет?

— Жайында алма, өрүк, алмуруттар шире кылып чыгарылат. Бул жерге дайыма Бакай-Ата айылынын тургундары келип, алмаларын шире кылып сыктырып кетишет. Көбүнчө күз айында келишет. Азыркы кыш убаганда кичине кишилер азайып калды. Бизде көбүнчө алмалар сыгылат, күнүнө эки тоннадан.
Башка айылдардан да келишеби?

— Бул алма ширесин сыктырганы көбүнчө Бакай-Ата, Үч-Эмчек, Наматбек айылынан келип, шире чыгарып кетишет.
Башында кандай кыйынчылыктар болгон?

— Бул шире чыгаруучу жай жаңы ачылганда алмалар сыгылбай калган күндөр да болгон. Бирок ошого карабастан кыйынчылыкты жеңип, азыркы убакта шире сыгуучу жай абдан жакшы иштеп жатат. Шире сыгылуучу жайга кафелерден, ресторандардан, ашканалардан буйрутмалар келет.
Маектешкен: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.