Окуучулардын предметтик олимпиадасына Ак-Талаа районунан жалпы 22 окуучу катышып, алардын ичинен 6 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар мыкты даярдыгын эми республикалык олимпиадага катышат.Облустук олимпиадага Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, жКмгал, Кочкор райондорунан жана Нарын шаарынан алдынкы окуучулар билимдерин сынашкан.
Жыйынтыгында;
Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Адис кызы Нургүл математика сабагы боюнча 1-орун,
Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Арууке Жаныбекова орус тили сабагы боюнча 1-орун,
Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучусу Имамасан Бакаев тарых сабагы боюнча 1-орун,
Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Эрнар Нурланбеков орус тили сабагы боюнча 2-орун,
Тоголок Молдо айылындагы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Айнур Кутманова англис тили сабагынан 3-орун,
Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинен Таазим Кутманова 3-орундарга ээ болушкан.


Даярдаган: Карыбекова Айдана