Учурда “эске тутуум начарлап баратат”, “унутуп калыптырмын” -деген сөздөрдү көп кездештиребиз. Унутчаактыктын эң негизги себеби адамдардын маалымат майданында жашап жатканы. Эс тутум биздин жашообузду калыптандыруучу эң маанилүү нерсе. Татыктуу жашоо үчүн эс тутумду жакшыртуу муктаждыгы бар.
Эс тутум мээде 3 кызмат аткарат: маалыматты кабыл алат, сактайт жана керек учурда кайра кайтарат. Бул үч кызматтын толук аткарылышы үчүн эс-тутумду жакшыртуу муктаждыгы жаралат. Жакшы окуган, ийгиликтүү окуучуларды же адамдардын эске тутуусу мыкты экенин байкап жүрсөңөр керек. Алдыда эмнеден улам эс-тутум начарлап кетет жана кантип аны жакшыртса болору туурасында кеңири сөз болот.





Маалымат Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты”-китебинен алынды.
Айгерим Кубатбекова