Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде “Тестирлөөчү программаларды колдонуу жолдору” аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү.
Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулдук борбордун жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна жана райондун мектептеринин окуу бөлүмүнүн башчылары менен биргеликте информатика сабагынын мугалимдери катышышты.
Семинар катышуучулар үчүн Zipgrade, Google Forms программалары аркылуу билим берүү сапатынын мониторингин жүргүзүнүү үйрөнүү максатын көздөп, теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн камтыды. Zipgrade программасы тууралуу жана ЖРТга кандай даярдыктарды көрүү экендигин тренер, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүн өкүлү Адилет Абдыбачаев келген меймандарга маалымат берди.
Нарын райондук билим берүү борборунун башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна
Исакова Гүлбарчын Бейманжановна: «Бүгүнкү семинар жалпы райондук мектептердин билим сапатын көтөрүү, ЖРТга даярдыктарды көрүү жана мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү боюнча өткөрүлүп жатат. Семинар абдан кызуу өтүп жатат. Келген мугалимдерге абдан чоң пайдасын тийгизет деген ниеттебиз!»
Адилет Абдыбачаев Zipgrade программасында телефон аркылуу кантип иштөө керектигин катышуучуларга айтып жаткан учуру
Семинардын практикалык бөлүмүндө ар бир катышуучу ноутбук, телефон аркылуу иштеп жаңы көндүмдөргө ээ болушту
Акылай Алмазбекова
Мектептин информатика мугалими Акылай Алмазбекова Google Forms программасы аркылуу онлайн тесттерди түзүү, жыйынтыктарын көрүү жана мониторинг чыгаруу боюнча катышуучуларга маалымат берди. Семинардын катышуучулары өзүлөрү үчүн жаңы билим алуу менен практика жүзүндө жакшы тажрыйба топтой алышкандыгын белгилешти.
Акылай Алмазбекова