Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу узак убакыт тамеки тартуу, түтүн чаңдан дем алуудан улам пайда болот. Аталган илдет оорлошуп кетсе кадимки басып туруу, кийинип чечинүү кыйындап дайыма демигүү, өнөкөт жөтөл менен коштолот. Ооруну алдына алуу сактануу чаралары туурасында кененирээк Мирсаид Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгер-пульмонологу Маамед Мадемилов айтып берет.

Эмнеден улам өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу пайда болот?
-Оорунун бир нече себептери бар. Негизгиси түтүн өзгөчө үй ичиндеги меш жакшы күйбөй түтөй турган болсо жана узак убакыт боюу тамеки чеккендерде биоматериалдар тезек, көмүр майда палитанттар өпкөнүн түбүнө чейин жетип, бронхтордогу түтүкчөлөрдү кысып дем алууну оорлоштурат. Мындан улам, дем жетпей, өнөкөт жөтөлдүн пайда болуусу сыяктуу белгилер менен коштолот. Чаң, түтүн жерде иштегендер, тамеки чеккендерде жылдардын өтүшү менен барып өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусуна чалдыгуусу мүмкүн.
Экологиялык абалга байланыштуу өпкө ооруларына саны өсүүсү күтүлөт
-Акыркы жылдары жер шаарында абанын булгануусу катталып жатат. Мындай алып караганда бул 10-15 жыл мурун пайда болду. Албетте, бул өнөкөт ооруларга алып келүүсү мүмкүн. Бирок, кандай кесептерге, кандайча деген так маалыматтар жок. Мындай кесепеттерге кабылбоо үчүн бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек. Мисалы ар кандай уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу нерселерди өрттөбөй, газга өтүп, машинадан велосипед сыяктуу альтернативаларын карашыбыз зарыл.
Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө илдетине көбүнчө улуу жаштагы 50жаштан жогору эркектер кабылышат. Аталган илдет жашоо сапатына таасирин тийгизет, башкача айтканда начарлатат. Күнүмдүк жумуштарды жасоодо бир аз гана басып турганда же кийинип чечинүү ортосунда эле демигип кыйналат.
Дайыма дары-дармектерге муктаждык пайда болот. Кээ бир учурларда оору күчөп кете турган болсо атайын аппараттарга муктаж болуп каларын айтат Маамед Мадемилов:
“Азыр кыш дагы келип калды. Аймактардагы көпчүлүк үйлөрдө мештен түтүн чыгып үйдү каптайт. Бул өпкө үчүн өтө коркунучтуу. Мешти болушунча адам жашабаган башка бөлмөгө жайгаштырган туура. Ошондой эле ал бөлмөнү желдетип туруу зарыл. Эң негизгиси тамекиден баш тартуу, биринчиден ден-соолукту сактайт.
Ошондой эле үй-бүлөлүк бюджеттин дагы пайдасыз чыгымын азайтат. Тамекини таштоо үчүн эрк керек, ден-соолукка зыяндыгын түшүнүү жана чечим чыгарып тамекини таштаса болот.
Бул тууралуу кененирээк билүү үчүн шилтемени басыңыз. Тамеки чеккен адамдар өз акчасына ооруларды сатып алып жатышат
Эгер тамекини таштай албай жүрсөңүз тесттен өтүп көрүңүз:
Тест: Мен тамекини таштай аламбы?
Айгерим Кубатбекова