«Кочкор биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жаткан «New Style» онлайн бий сынагында «Соң-Көл» орто мектебинин «Жаз-М» бийчилер тобу финалга чыкты.
«Жаз-М» бийчилер тобу мындан бир нече жыл мурун мектептин музыка мугалими тарабынан уюштурулган. Андан бери бир нече бүтүрүүчүлөрү бүтүп кетип, учурда биз улантып жатабыз»,- дейт бий тобунун башчысы Света Бакытбек кызы.

Оңдон солго топ башчысы Света Бакытбек кызы
«Биз бул сынакты укканыбызда жалпы эки бий даярдап кетиргенбиз. Биринчи тур онлайн болгондуктан, бийлерди даярдоо бир аз жеңил болду. Сынактын талаптарын аткарууда деле кыйналган жокпуз»,- дейт топ мүчөсү Айдана Жыргалбек кызы.

Оңдон солго экинчи топ мүчөсү Айдана Жыргалбек кызы
«Бий тобундагылар бир класста окугандыктан бийге даярдануу оңойураак. Кемчиликтерибизди да айтканда классташ болгондуктан бат түшүнөбүз»,- дейт Нураида Урматбекова.

Солдон оңго биринчи Нураида Урматбекова
«Формаларыбызды ата-энелерибиз демөөрчүлүк кылып тиктирип беришкен. Айылда деле мыкты тикмечи эжелер бар экен. Ошол эжелер бир аз убакытта эле размерлерибизди алып тигип бере салышты»,- дейт Жазгүл Муктарбек кызы.

Жазгүл Муктарбек кызы солдон оңго экинчи
«Жалпысынан бул сынакка эки бий кетиргенбиз. Бири «Кыз узатуу» кыргыз бийи, экинчиси финалга өткөн ушул индия бийи болду. Аябай сүйүнүп жатабыз, буюрса финалда да жеңебиз деген ой бар»,-дейт топ мүчөсү Астра Жолдошалиева.

Солдон оңго үчүнчү Астра Жолдошалиева
Негизинен бул онлайн бий сынакка төрт бий жөнөтүлгөн. Эки бий 9-класстар тарабынан даярдалса, дагы эки бий 8а-класстан түзүлгөн бийчилер тарабынан жөнөтүлгөн.
Онлайн сынактын жалпы жыйынтыгы 12-март күнү калыстар тарабынан жарыяланып, инсаграм баракчага жүктөлгөн. Бул сынактын финалдык туру 22-мартта Кочкор райондук маданият үйүндө болмокчу.
Айпери Марлес кызы