Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында «Маданий» айыл долбоорунун алкагында туристтерге тамак жасоо боюнча окутуу өткөрүлдү.
KF Ача-Кайыңды фондунун мүчөлөрү долбоордун жетекчиси Чу менен
Окутуу «Kyrgyz Friend — Acha-Kaiyndy» — «Кыргыз Достор- Ача-Кайыңды» коомдук уюмдун мүчөлөрүнө өткөрүлдү. Долбоор Кореянын эл аралык агенствосунун колдоосу менен Ача-Кайыңды айылына «Маданий айыл» статусун берүү максатында ишке ашып жаткан учуру.
Биринчи этабында 7 үйгө туристтерге ыңгайлуу шарттар түзүлсө, экинчи этабында- туристтерге жергиликтүү азыктардан кандай тамак жасаса болоорун үйрөтүү болчу. Аталган уюмдун жетекчиси Тоюнбүбү Аманова окутуу адбан кызыктуу болгонун айтты:
«Буюрса долбоор аркылуу айылга туристтер келе баштайт деп турабыз. Бүгүн келген туристтерге кандай тамак жасаш керек экенин үйрөндүк. Биз бул тамактарды жасаганды үйрөнүп, туристтер үчүн менюга киргизебиз.
Жергиликтүү азыктардан тамак жасоо
Окутууну Бишкектен келген ашпозчулар окутушту
Француз тамагы кишти дагы жасадык
Эртең менен берилчү кашалардын түрлөрүн жасадык
Биз бир жагынан улуттук каада-салтыбызды, шырдак жасоону көргөзүп турсак, тамактарыбыз дагы алардын табитине жооп бергендей болуш керек. Мындай жол менен биз ар тараптуу болуп, жакшы шарт түзүп беребиз. Ал эми долбоордун кийинки этабында, айылыбыздын кире беришине атайын заманбап даараткана салынат экен. Биз өздүк салым катары жерин, суусун чечтирип берсек ишке ашат жана ал жерге кофейня дагы болот. Андан тышкары бул семинарда биз экология боюнча дагы билим алдык. Биз жамаат катары таштандыны туура бөлүштүргөндү, айланадагыларды дагы экологияны бузбаганга чакырышыбыз керек. Мындай иш-чаралар албетте туристтерди өзүнө тартат. Андыктан бул жаатта дагы көп иштешибиз керек экен».
Маалымат катары айтсак, бул долбоорго өлкө боюнча 10 айыл кирип, анын ичинде Ат-Башы районунан эки айыл кирген. Ар бир айыл улуттук каада-салтты көргөзүп, бири-биринен өзгөчөлөнүп турушат. Долбоордун максаты- Кыргызстандын туризм тармагындагы потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет.
Кыргызстан боюнча долбоорго 10 айыл тартылган
Асел Үркүнбаева