Ак-Талаада «Ак Мөөр — 2022» сулуулар сынагынын финалдык туру болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын алгачкы айлампасы 9-март күнү өткөрүлүп, ага жалпы жети кыз катышып, мунун ичинен беш кыз финалдык айлампага өтүшкөн.
Кечээ күнү аталган сынактын финалдык айлампасы өткөрүлүп, ага төрт кыз катышты.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар саламдашуу, саркеч кийимдердин үлгүсүн көргөзүү, Умай энени чагылдыруу, ашкана сырлары жана акыл кенчи тапшырмаларын аткарышты.
Райондук маданият үйүнүн башчысы Курманжан Тиленбаеванын айтымында сынак 2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» жылына карата уюштурулду.
Сынактын соңунда, Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Эркайым Макилова баш байгени багынтып, «Ак Мөөр — 2022» сулуусу аталды.
Эркайым Макилова-«Акмөөр-2022» сынагынын жеңүүчүсү
Аяна Майрамбекова 1-орун «Ак-Талаа периси»
Айдана Жумабекова — «Ажарлуү пери»
Хабиба Замирбекова- «Акыл карачач»
Ал эми, Чолок-Кайың айылынын Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучусу Аяна Майрамбекова 1-орунду ээлеп, «Ак-Талаа периси» номинациясын жеңип алса, Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Айдана Жумабекова багынтып, «Ажарлуү пери» номинациясына татыды. Ошондой эле, Ак-Кыя айылынын Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучусу Хабиба Замирбекова 3-орунду камсыздап, «Акыл карачач» номинациясына ээ болду.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Аксана Жусупова