28-апрель күнү Ноокат районундагы Ж.Нышанов, “Арбын”, “Шаңкол” жана “Дары-Суу” орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Оштогу жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштурган “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун мүчөсү Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

ОшМУнун ачык эшиктер күнүндө

Кыргыз Өзбек университетинин чоң актылык залында

ОшТУнун “Седжоң Хакдаң” корей борборунда
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 70ке жакын окуучу тартылып, алар Ош мамлекеттик университетинин “Ачык эшиктер күнүнө” катышышкан. Андан ары Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жана № 113 кесиптик лицейи менен жеринде таанышып, андагы окутулган багыттар боюнча кеңири маалымат алышкан.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде

Номер 113 кесиптик лицейинде
“Айылыбыздагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө буга чейинки кесипке багыт берүүчү семинарларыбызда убадалаган окуу жайларга болгон бул саякат ийгиликтүү ишке ашып, андан ары тарых музейине, зоопаркка баруу менен жыйынтыкталды. Ушул жана башка иш-чараларыбызга биздин демилгечи топ, андагы агаларыбыз демөөрчүлүк кылып, билим берүү жаатында айылыбыз үчүн бир топ иштерди баштап алдык”, — деди Тынчтыкбек Досмуратов.

Сулайман Тоо музейинде

113 кесиптик лицейде
Мектеп окуучусу Айгерим Медербек кызы: «Биз саякатка ОшМу, ОГПИ, ОшТУ, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине, Тойчул Алтыбаев атындагы кесиптик лицейге жана Сулайман-Тоо тарыхый музейине бардык. Ал жерде окуу жайлар тууралуу маалымат алып, шарттары менен тааныштык. Бул саякат бизге өтө чөң пайдасын тийгизди, анткени келечекте кесибибизди, окуу жайды тандоого чоң жардамын берди».

Окуучулар зоопаркка да барышты
Аймончок Кожонова