Кайнене келиндин ортосундагы мамиле коомчулукта көп талкууларды жаратып келет. Биздин каарманыбыз Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Айнура Малабаева эл арасында калыптанып калган айрым түшүнүктөрдү балдарга сиңирүү туура эмес экенин баса белгилейт.
«Илгертеден эле элибизде кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле тууралуу каныбызга сиңип калгандай стереотиптер бар. “Кайнене бул үйдүн кожойкеси, кайнене баарын билет, ал эми келген келин болсо, ал үйдө кызмат гана кылат, эч кандай үнү жок, эч кандай сөзү жок , айтылган нерселерди жасап эле жүрө бериши керек” деген бир позиция калыптанып калган. Мындай стереотиптүү көз мен туура эмес деп эсептейм. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, балдарыбызга кичинекей кезинен баштап ар бир үй-бүлө мүчөлөрү тең укукка ээ болушу керек деген туура тарбия бериш керек»,-дейт Айнура Малабаева.
Акылай Алмазбекова