Үй-бүлөлүк мамилелер ар бир адамдын жашоосундагы татаал жана маанилүү бөлүк болуп саналат.
Келиндер менен болгон мамиледе тажрыйбага ээ болгон Давлет Өмүрзакова менен Эркин Турдукулов балдарынын болочок жубайлары менен кантип жылуу, ынтымак мамиле түзүп, үй-бүлөдө гендердик теңчиликти сактоонун сырлары менен бөлүшөт.
Давлет Омурзакованын айтымында, келин биринчи кезекте үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү, аны өз кызындай кабыл алып, сүйүүгө муктаж.
«Менин келиним келгенде өтө толкундангам. Келинди кубаныч менен тосуп алганбыз. Ушул келин менен үйгө кошо кут, береке келсе экен, ак жолтой келин болсо экен, келиним мен ойлогондой келин болуп бизге келин эмес кыз болсо экен деген тилек менен келин алганмын. Мына азыркы күндө Эркин экөөбүз эки келин алдык. Эки келинибиз тең өзүбүз ойлогондой келин болду. Келип тосуп алып ак жоолук салган күндөн баштап эле ушул келиндерди өзүмдүн кызымдай кабыл алдым», — деди Давлет Өмүрзакова.
Үй-бүлөдө гендердик ролдор ийкемдүү болуп баратат, эң негизгиси тең укуктуу мамилелерди түзүү. Давлет Омурзакова үй-бүлөдө гендердик стереотиптерге орун жок экенин баса белгилейт. Тескерисинче, жынысына карабастан ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн инсандыгын урматтоо зарыл. Бул дени сак жана тең салмактуу мамиле үчүн негиз түзөт, деп белгилейт.
«Алар келген күндөн баштап аларга билбегенин үйрөттүм. Бир да жолу келиндерим менен катуу айтышып же болбосо терс сын-пикир берген жокмун. Билбегенин айтып, өзүмдун энелик насаатымды айттым. Мисалы кээ бир кайненелер ушул келин эртең менен эрте туруш керек, эшик шыпырыш керек. Эшиктеги иштерди кылыш керек дешет. Менде андай болгон жок. Өзүм деле жаш болгом, жаштыгымда эрте менен эрте тургум келбей уйкум келген. Мен ошол жаштыгымды эстеп ушул келиндер деле эртең менен эрте туруп бүтүрбөсө дагы ошол ишти, тургандан кийин деле бүтүрүп койсо болот деген ой болду менде. Ошон үчүн аларды сен эрте туруп иш кыл же болбосо эшик шыпыр деген жокмун».
Давлет Өмүрзаков менен Эркин Турдукуловдор келиндери үй-бүлөнүн маанилүү бөлүгү экенин айтышат. Бири-бирине түшүндүрүү жана түшүнүү — ийгиликтүү мамиленин ачкычы. Байланыш жана көз караштарды урматтоо маанилүү деп эсептешет.
Негизги элемент — бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн кабылдоосу. Давлет Өмүрзакова келиндерине да көңүл буруп, камкордук көрөт. Бул өз ара түшүнүшүү жана колдоо атмосферасын түзөт.
«Келин жаман эмес келген үй жаман деп коет. Келинди келгенден баштап өзүңдүн үйүндүн шартына карата колдоп, кубаттап алыш бул кайнененин милдети. Себеби, келинди өзүң канчалык өзүңө тартып, ага туура мамиле жасап, жакшы сөз менен үйрөтсөң сөзсүз түрдө келиниң кыздай болот. Келинди сыйласаң келинден сый көрөсүң. Мен келиндеримен ошол жагынан сый көрөм. Алардын суроо-талаптарын угуп, талкуулаганга аракет кылам».
Эки келиним чогуу үйгө келгенде ынтымакта иш кылышат. Бир да жолу ортосунда чыр-чатак чыгып, сен бул ишти кылышың керек эле, ал бул ишти кылбай койду деген болгон эмес. Акыл насаатымды гана айтам, калганын баарын экөө кылышат.
Жакшы кайнене болуш үчүн биринчиден келиндерге туура мамиле жасоо керек. Жеткиликтүү сөздөр менен түшүндүрүп айтсаң сөзсүз түшүнөт. Жакшы мамиле менен жеткирсең сөзсүз турдө келин кыз болот деп ойлоймун», -деди Давлет Өмүрзакова.
Келин менен жылуу жана тең укуктуу мамиле түзүү үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнөн көңүл бурууну жана аракетти талап кылган процесс. Давлет Өмүрзакова менен Эркин Турдукуловдун мисалдары үй-бүлөлүк мамилелердин ийгиликтүү болушунун негизи сый-урмат, чыдамкайлык жана келинди кыз катары кабыл алууга даярдуулук экенин көрсөтүп турат.
Гүлназ Камбарали кызы