Бишкек шаарынын Ленин районунундагы №119 Р. Мамыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Желим бөтөлкөнүн экинчи өмүрү” аталышындагы экологиялык иш-чара өткөрүлдү.Иш-чаранын негизги максаты — колдонулган желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүгө тапшыруу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо, окуучуларга экологиялык жоопкерчиликти калыптандыруу жана таза коом түзүүгө салым кошуу болду. Мектептин айланасында, жол жээктеринде жана көчөлөрдө чачылып жаткан желим бөтөлкөлөр табияттын булганышына, адамдардын ден соолугуна жана келечек муундун жашоосуна олуттуу коркунуч жаратаары белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө №119 Р. Мамыралиев атындагы ЖББМдин география мугалими Чынара Ташбаева экология маселеси тарбиялык мааниге да ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, мугалимдер окуучуларга табиятты коргоо тууралуу теория жүзүндө гана айтып тим болбостон, иш жүзүндө да үлгү көрсөтүшү керек. Желим бөтөлкөнү туш келди ыргытуунун кесепеттерин түшүндүрүү, аны чогултуу, кайра иштетүү жана туура пайдалануу маданиятын калыптандыруу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат:
» Бүгүн 5-февраль 2026-жылы экологиялык көйгөйлөрдүн бири колдонулган желим бөтөлкөнү кайра иштетүүгө тапшырып жатабыз. Мугалим катары мен желим бөтөлкө маселесин жөн гана экологиялык көйгөй эмес, тарбиялык маселе катары карайм. Биз окуучуларга табиятты коргоо тууралуу айтып гана тим болбостон аны иш жүзүндө да көрсөтүшүбүз керек. Желим бөтөлкөнү туш келди ыргытуунун кесепетин түшүндүрүп, аны чогултуу, кайра иштетүү жана туура пайдалануу маданиятын калыптандыруу бүгүнкү күндүн маанилүү милдети. Эгер ар бир мугалим окуучунун аң сезимине экологиялык жоопкерчиликти түшүндүрө алса анда келечекте таза коомду түзүүгө салым кошкон болобуз. Ар бир жаран желим бөтөлкөнү туура колдонуп, аны таштанды катары эмес кайра иштетүүгө боло турган ресурс катары кабыл алууга тийиш»- деп айтты.

Ошондой эле иш-чарага Күн-Туу айылынын тургуну Таалайбек Бекишов катышып, желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал эки жылдан бери кайра иштетүүчү завод менен иштешип, айлана-чөйрөнү тазалоого салым кошуп келе жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, желим бөтөлкөлөрдү чогултуу аркылуу бир жагынан табият тазаланып, экинчи жагынан кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал мектеп менен бир жылдан бери кызматташып келе жатканын айтып, мугалимдерге жана окуучуларга экологиялык тарбия берип жаткандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарага 6-«В» классынын окуучулары Каныбеков Нурбол жана Таалайбеков Абдулазиз активдүү катышып, мугалимдерине жардам көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү — экологиялык коопсуздукту сактоонун жана келечек муунга таза чөйрө калтыруунун маанилүү жолу экени белгиленди.
Даярдагандар: Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова.