Гепатит С бул боорду жабыркатуучу кооптуу вирустук оору. Ал көп учурда белгилери билинбей өтүп, акырында өнөкөт түргө өтүп кетиши мүмкүн. Ушул себептен эл арасында “жумшак өлтүргүч” деп да аталат. Кочкор районунда акыркы учурда бул илдет менен катталгандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу №1 “Келечек” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Канымкүл Иманалиева маалымдады..


Дарылоо: Бүгүнкү күндө гепатит С ийгиликтүү дарыланат. Заманбап дары-дармектер бейтаптардын 95%дан ашыгын 8–12 жуманын ичинде айыктырууга мүмкүнчүлүк берет.
Алдын алуу: Башка адамдардын каны менен байланышуудан алыс болуңуз, процедуралар үчүн жеке гигиена каражаттарын (устара, щетка) жана стерилдүү аспаптарды колдонуңуз. Гепатитге каршы эмдөөдөн өтүңүз.Бардык процедураларды стерилдүү шартта жасатуу
жылына жок дегенде бир жолу текшерүүдөн өтүү

Маанилүү: Адистер ооруну эрте аныктоо боор циррозу жана рак сыяктуу оор кесепеттердин алдын аларын белгилешет.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов