
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде азырынча бирдиктүү мектеп формасы катары окуучуларга үстүңкү бөлүгү ак көйнөк, ал эми астыңкы бөлүгү кара түстө болушу керек деп бекитилген.
Бирок 1-октябрдан тарта Билим берүү министрлиги бекиткен бирдиктүү мектеп формасына өтүлөөрүн айтты мектептин директору Рано Турсуналиева.
“Кечээ 250 ата-эне чогулушта мектеп формасы милдеттүү болгон болсо, анда 1-октябрдан тарта баары мектеп формасында окууга келмекчи деп чечишти”, — деп билдирди аталган мектептин директору Турсуналиева.

Андан сырткары, эгерде окуучулар эркин формада, же джинсы кийинип келчү болсо, мындай учурларда мугалимдер окуучуларды сабакка киргизбей койсо болот деп ата-энелер чечим кабыл алганын айтып өттү Турсуналиева.
Үч-Коргон айылынын тургуну Рано Ташкенбаева болсо, балдардын мектеп формасы сапаттуу жана түсү туура тандалсын деген пикирде.
“Биринчиден сапаттуу болсун, экинчиден түсүн туура тандасын. Анткени, чындыгында, кочкул кызыл түстү 9-11-класстын окуучулары кие албай жатат”, — деди Ташкенбаева.
Эгерде ата-энелер койгон бардык ушул талаптар аткарылса, анда алар балдарына мектеп формасын алып берүүгө каршы эмес экендигин айтат Ташкенбаева.
Мектеп окуучуларынын арасында айрымдары өзүнүн өлчөмүндөгү форманы таппагандыктан кийбей калса, кээ бирине жаңы форма жакпагандыктан сатып алган эмес.
Даярдаган: Тажикан Кайым кызы, Сардор Муталибов