Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Мүлкүбат атындагы орто мектебинде кыргыз тили майрамы 23-сентябрь күнү белгиленди. Майрамда буга чейин жарыяланган кыргыз тили жөнүндө көркөм окуу, дил баян жазуу, сүрөт тартуу, долбоор жактоо сыяктуу конкурстардын жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар тапшырылып, концерттик программа менен коштолду.
Өткөрүлгөн иш чара боюнча аталган мектептин кыргыз тили мугалими Айжан Усенканова төмөндөгүдөй ой бөлүштү: «1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик тил деген статус берилген. Ошондон бери бул күн «кыргыз тили майрамы» катары белгиленип келет. Бүгүн ушул күнгө арналып окуучуларга тарбиялык саат, «Сармерден-сабак», конкурстар өткөрүлдү. Чындыгында, биз кыргыз тилине ушул күнү гана эмес, күндө көңүл буруп, күндө ушул бүгүнкүдөй иш чараларды өткөрүрөн турсак жакшы болот эле».

Даярдаган: Айдана Батырбекова