2026-жылдын 24-май күнү Кочкор райондук маданият үйүндө өткөн “Жибек жолу — кайра жаралуу” чыгармачыл жаштардын IV республикалык кароо-сынагында Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Медина Капышова улуттук жана заманбап бий багыты боюнча катышып, 1-орунду жеңип алды.

Бул сынактын негизги максаты — өсүп келе жаткан чыгармачыл жаштардын талантын ачуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана аларга эл аралык деңгээлге чыгууга жол көрсөтүү болуп саналат. Бул сынакка облустун таланттуу уул-кыздары чогулуп, элдик ыр, дастан, улуттук аспаптар жана бий өнөрү боюнча өз өнөрлөрүн ортого салышты.

Медина Капышова сынакта улуттук жана заманбап бийдин элементтерин айкалыштырган өзгөчө номерди тартуулады. Ал өзүнүн таланты, эмоцияны жеткире билүү чеберчилиги менен калыстар тобунун да, залда отурган көрүүчүлөрдүн да жогорку баасына татып, 1-орунга татыктуу болду.
Медина бул чоң жеңишке жетүүдө ага багыт берип, колдоп келген мугалими Мээрим Касымованын эмгеги зор экенин өзгөчө белгиледи. Дайыма ага ишеним артып, жаңы креативдүү идеяларды ишке ашырууга дем-күч берип келет.

Мээрим Касымова бул сынакка окуучуларын бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз даярдап келет. Буга чейин да анын тарбиялануучулары Бермет Жумабекова, Света Зарылбекова жана Бекзат Мажитов сыяктуу мектеп окуучулары сынакта байгелүү орундарды камсыздашкан. Таланттарды колдоого кошкон салымы үчүн Мээрим Касымова “Жаратман устат” медалы менен сыйланды.
Даярдаган: Илима Жумабаева.