Чолпон айылында Курман айт майрамынын урматына 15 бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Айыл тургундары бул саамалыкты Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, ынтымак менен өткөрүп жатышканын айтышты.

Курман айт — мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири. Бул күнү адамдар курмандык чалып, бири-бирине жакшылык кылып, муктаждарга жардам берүү менен сооп иштерге өзгөчө көңүл бурушат. Чолпон айылында да бул майрам белгиленип, курмандыкка чалынган малдын эти элге таратылды.

Кочкор районунун имамы Женишбек Арзымкожоев Курман айттын исламдагы орду өтө чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, мусулмандардын эки чоң майрамы болсо, анын бири — Курман айт.
Имам курмандык чалууда малдын шарияттагы талаптарга жооп бериши маанилүү экенин айтты. Кой, эчки, уй сыяктуу малдар курмандыкка жараса, алардын дене мүчөлөрү толук болушу керек. Аксак, чолок же кемтиги бар мал курмандыкка жарабайт. “Канчалык жакшы мал союлса, ошончолук жакшы болот”, — деди ал.

Ошондой эле курмандыкка чалынган этти бөлүштүрүүдө ынтымак жана ыраазычылык маанилүү экенин кошумчалады. Анын айтымында, жети адам биригип бодо мал союп, этти тараза же жиликтеп тең бөлүп алышат. Мындай учурда эч ким нааразы болбой, бири-бирине ыраазы болушу керек.

Чолпон айылынын тургуну, жеке ишкер Батырбек Көбөшөв быйыл айыл өкмөтү боюнча 15 бодо мал союлганын айтты. Анын ичинен Чолпон айылы 11 бодо мал сойду.
— Курмандык эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге таратылат. Бул — Алланын ыраазычылыгы үчүн берилген эт. Союлуп жаткан малга элдин баары ниет кылып, колдоо көрсөтүп жатат, — деди ал.

Анын айтымында, бул саамалык он жылдан бери уланып келет. Айыл тургундары жыл сайын биригип мал союп, этти муктаждарга таратып беришет. Курмандык этинин негизги максаты — адамдардын бири-бирине жардам берип, береке бөлүшүүсү.

Курман айттын өзгөчөлүгү — адамдардын бири-биринин үйүнө барып, көңүл сурап, ынтымакты бекемдөөсүндө. Бул күнү адамдар арам нерселерден алыс болуп, жакшылыкка умтулушат.
Маектин соңунда айыл тургундары жалпы элге тынчтык, ынтымак жана береке каалап, чалынган курмандыктар кабыл болушун тилешти.
Даярдаган: Илима Жумабаева.