Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) расмий маалыматы боюнча, 2026-жылы Курман айт майрамы 27-майда (шаршемби күнү) белгиленет, ал эми андан мурунку күн, 26-май — Арапа күнү болуп саналат. Курман айт (арабча Ид аль-Адха) — бүткүл мусулман дүйнөсүндөгү эң улуу жана ыйык майрамдардын бири. Бул күнү мусулмандар Жаратканга моюн сунуунун, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун белгиси катары курмандык чалышат.

Бул майрам Ибрахим пайгамбардын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Алла Таала анын ыйманын сыноо үчүн өзүнүн сүйүктүү уулу Исмаилди курмандыкка чалууну буюрат. Атасы да, уулу да Жараткандын буйругуна чын жүрөктөн моюн сунуп, сыноодон өтүшкөндө, Алла Таала асмандан курмандык үчүн кочкор түшүргөн. Ошол күндөн бери бул окуяны эскерүү жана Аллага жакындап, шүгүр кылуу максатында курмандык чалуу салты калган.

Курман айт мусулман календары боюнча Зул-хижжа айынын 10-күнү, Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин башталат жана Меккедеги ажылык сапардын соңуна туш келет.

Майрам күнү таң эрте бардык мусулмандар мечиттерге же борбордук аянттарга чогулуп, жамаат менен Айт намазын окушат. Акыл-эси жайында, балакатка жеткен жана материалдык мүмкүнчүлүгү бар (колунда бар) ар бир мусулманга курмандык чалуу — важиб (милдет) болуп эсептелет.
Курмандыкка кой, эчки (1 жаштан кем эмес), уй, бука, топоз (2 жаштан кем эмес) же төө (5 жаштан кем эмес) союлат. Майда жандык бир кишинин атынан, ал эми ири мүйүздүү мал 7 кишиге чейин биригип союуга уруксат берилет.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга катуу тыюу салынат. Ислам шарияты боюнча этти үч бөлүккө бөлүү сунушталат (мустахаб):
Биринчи бөлүгү — жетим-жесирлерге, кедей-кембагалдарга жана муктаж адамдарга таратылат.
Экинчи бөлүгү — туугандарга, кошуналарга жана келген конокторго дасторкон жайып, бышырып берилет.
Үчүнчү бөлүгү — үй-бүлөнүн өзүнө калтырылат.

Курман айт — бул ынтымактын жана кечиримдүүлүктүн майрамы. Бул күнү адамдар эң жакшы, таза кийимдерин кийип, бири-бирин куттукташат. Ар бир үйдө дасторкон жайылып, боорсок бышырылат. Мусулмандар туугандарынын, улуулардын үйлөрүнө барып айтташат, өткөн ата-бабаларга куран окулуп, дуба кылынат. Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам катары кабыл алынып, дем алыш күн деп жарыяланат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова