Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында катуу күн күркүрөгөн учурда турак жайлардын бирине чагылган түштү.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 14-июнунан 15-июнуна караган түнү саат 02:00 чамасында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу күн күркүрөө менен коштолгон жаан жааган. Анын натыйжасында Суусамыр айылынын тургунунун үйүнүн жанындагы мончонун чатырына чагылган түшүп, чатырын тешип кеткен.

Окуя болгон учурда үй ээси үйүндө уктап жаткан. Жаратылыш кубулушунун кесепетинен үч турак жайдын электр чубалгылары үзүлүп, үй ээсинин электр эсептегичи жарактан чыккан. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Учурда кырсыктан жабыркагандар болгон жок, жана жергиликтүү бийлик тарабынан келтирилген чыгымдар эсептелип, үй Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып, жабыр тарткан үй-бүлөгө тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна