Кыргызстанда үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган жаңы «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпул программасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы маалымат борборунда кабарланды.
Программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди. Президенттин тийиштүү Жарлыгына 2026-жылдын 21-майында кол коюлган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 3 жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки бала бул жөлөкпулду алууга укуктуу. Жардам үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан бардык балдарга берилет.
Мамлекет тарабынан программага жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом каралууда. Ал эми 2026-жылдын жарымында ишке киргенине байланыштуу ушул жылы болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.
Жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу автоматтык түрдө алынат. Мамлекеттик колдоо тез жана катасыз дайындалышы үчүн жарандарга өз маалыматтарын өз убагында жаңыртып туруу сунушталат. Кантип тапшырса болот?
«Түндүк» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү атайын мобилдик тиркемени көрсөтүштү. Ата-энелер аталган тиркеме аркылуу жөлөкпул алуу үчүн электрондук форматта оңой эле арыз бере алышат. 
Төлөмдүн өлчөмү ай сайын 1200 сом болду. Кирешенин өлчөмүнө карабастан бардыгына берилет. Ата-эне жана бала бир дарекке катталып, ошол жерде факты түрүндө бирге жашашы керек. «Түндүк» тиркемесине кирип, каттоодон өтүңүз (ПИН жана паспорттук маалыматтар талап кылынат). «Кызматтар» бөлүгүнө өтүп, «Социалдык төлөмдөр» категориясын табыңыз. «Бала ырысы» кызматын тандаңыз. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук бериңиз.


Паспорттук маалыматтар жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк мамлекеттик базадан автоматтык түрдө текшерилет. Жөлөкпул которуу үчүн ыңгайлуу банкты тандап, банк эсебиңиздин номерин көрсөтүңүз («Элкарт»). «Арыз берүү» баскычын басып, тастыктоо үчүн СМС-кодду киргизиңиз. Документтер мамлекеттик базалардан автоматтык түрдө тартылып алынат.

Эгерде дарек маалыматтары актуалдуу болбосо же система бирге жашаган маалыматты таппаса, маалыматтарды жаңыртуу үчүн МТУга же айыл өкмөтүнө кайрылуу сунушталат.
Ошону менен бирге, эгер кандайдыр бир себептер менен арыз тапшыра албаса, же кандайдыр бир суроолор болсо министрликтин байланыш номери 111 ге кайрылса болот, же болбосо “Түндүк” мобилдик тиркемеде автоматтык түрдө кайрылуу жазса болот.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа бул демилге балдардын ден соолугун жакшыртууга, жакырчылык тобокелдиктерин азайтууга жана өлкөнүн адамдык капиталын чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Даярдаган: Азема Сабырбекова