Чолпон айылында эл үчүн эмгектенген инсандардын ысымы ыйгарылган көчөлөр бар. Алардын бири — Тамара Каатбек кызы көчөсү. Аталган көчөдө курулуш, музыка жана ишкердик тармагында иштеген тургундар жашайт.
Алардын бири Мунарбек Макебаев 15 жылдан бери үй салуу менен алектенет. Ал ушул убакка чейин алты-жети үйдүн курулушун аяктаган. Мунарбек Макебаев андан тышкары электр монтаждоо иштерин жүргүзөт. Ошондой эле жуунчу жайларга кафель чаптоо кызматын көрсөтөт.

Экинчи тургун Турдукул Абдыкеримов музыкалык аспаптарда ойнойт. Ал мурда мектепте жана бала бакчада музыка мугалими болуп иштеген. Турдукул Абдыкеримов аккордеон, баян, комуз жана синтезатордо ойнойт. Ошондой эле ар кандай темадагы ырларга обон жараткан. Учурда ал ардактуу эс алууда.

Көчөнүн дагы бир тургуну — Сыргак Күлчоро уулу . Ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин айылдагы РЭСте иштейт. Андан сырткары 2024-жылдан тарта бетон шакекчелерин куюп баштаган. Учурда ал жеке ишкер катары да эмгектенет.

Даярдаган: Аяна Асанова, Жумакан Кожомкулова