Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул техникалар коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

«Достук» муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу унаа жана жаңы погрузчик (жүктөгүч техника) берилди. Атайын техникаларды сатып алууга каражат тендер аркылуу бөлүнгөн.
Буга чейин ишкананын карамагында грейдер, погрузчик жана оор жүк ташуучу техникалар болгон. Бирок колдонулуп жүргөн погрузчиктин эскилиги жетип, иштөө мүмкүнчүлүгү төмөндөп калгандыктан, кызматкерлердин ишине кыйынчылыктар жаралып келген.

Жаңы техникалар муниципалдык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, таштанды чыгаруу жана башка коммуналдык кызматтарды өз убагында жана сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна