Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жол кырсыгында жабыркаган адамга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөткөн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабеновага ыраазычылык билдирди.

Окуя 3-август күнү болгон. Адинай Кабенова жол кырсыгына күбө болуп, тез жардам кызматы келгенге чейин жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, анын абалын көзөмөлдөп турган. Бул анын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан.

Бүгүн министр Адинай Кабенова менен жолугуп, анын кесипкөйлүгүн, ыкчам аракетин жана кайдыгер карабаган мамилесин жогору баалап, Саламаттык сактоо министрлигинин Ыраазычылык катын тапшырды.
«Медицинада терең билим менен катар адамгерчилик, жоопкерчилик жана оор учурда жардам бере билүү абдан маанилүү. Адинай өзүнүн аракети менен келечектеги мыкты дарыгер болорун далилдеди. Ага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем», – деди министр Дамир Осмонов.