Токтогул шаарында тургундарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган “Таза суу” долбоорунун экинчи этабы башталды.Учурда долбоордун алкагында негизги суу түтүктөрүн тартуу үчүн жерди даярдоо жана казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун жүрүшү менен Токтогул шаарынын мэри Рамис Өмүрканов жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов жеринен таанышты. Алар тиешелүү иштердин аткарылышын көзөмөлдөп, курулуштун жүрүшүнө баа беришти.
Шаар мэри жооптуу адистерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

.

Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин Токтогул шаарынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт.
Даярдаган:Азема Сабырбекова