Токтогул шаарынын борбордук мечитинде 9 жаштан 25 жашка чейинки уул-кыздар арасында өткөрүлгөн Куран окуу жана азан айтуу боюнча райондук сынактын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. Иш-чара район акими У.О. Самаевдин тапшырмасы менен уюштурулду.

Салтанаттуу аземге район жетекчилиги катышып, аким Урматбек Самаев жаштарды руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга тартууда мындай сынактардын мааниси чоң экенин баса белгиледи. Демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган 300 000 сомдук байге фондунун акчалай сыйлыктары жеңүүчүлөргө жума күнү салтанаттуу тапшырылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү:
Куран окуу (кыздар, 1 пара):
Хакимбекова Хадижа (Токтогул ш.)
Усенболотова Мадина (Токтогул ш.)
Байыкеева Фатима (Токтогул ш.)
Куран окуу (кыздар, жарым пара):
Усенболотова Марва (Токтогул ш.)
Хакимбекова Марьям (Токтогул ш.)
Шамшыбекова Халима (Торкен айылы)
Куран окуу (балдар, 1 пара):
Каратаев Муса (Токтогул ш.)
Жолдубаев Нурислам (Токтогул ш.)
Каратаев Иса (Токтогул ш.)
Куран окуу (балдар, жарым пара):
Эркинбаев Нурдан (Токтогул ш.)
Эсенгелдиев Ибрагим (Токтогул ш.)
Токтогулов Тилек (Токтогул ш.)
Азан айтуу жарышы:
Масалбеков Алишер (Ак-Тектир айылы)
Байызбеков Абдулло (Комсомол к.р.)
Капканбеков Бекболсун (Кара-Жыгач айылы)

Салтанаттын соңунда жеңүүчүлөргө, жигердүү катышуучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирилип, ийгиликтер кааланды.
Даярдаган:Азема Сабырбекова