Кыргызстан-Россия аймактар аралык 8-экономикалык форумунда Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев сөз сүйлөп, облустун экономикалык жетишкендиктери жана 2030-жылга чейинки кызматташуунун негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына чыкканын белгиледи. Анын айтымында, өлкө инвестиция, инновация жана эл аралык өнөктөштүк үчүн ачык, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандырууда.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусу өлкө экономикасынын өсүшүнүн негизги чекиттеринин бири экенин баса белгилеп, төмөнкү статистикалык маалыматтарды келтирди:
Өнөр жай өндүрүшү: 111,1%га өскөн.
Айыл чарбасы: Өндүрүш көлөмү 6,7%га көбөйгөн.
Негизги капиталга инвестициялар: Өсүш 58,9%ды түзгөн.
Облус экономикасына 35,9 млрд сом капиталдык инвестиция тартылып, бул өлкө боюнча жалпы инвестициянын 17,5%ын түздү. Анын ичинде сырткы инвестициялар 10 млрд сомду түзсө, анын 8,8 млрд сому түз чет элдик инвестициялар болуп саналат.
2030-жылга чейинки кызматташуунун 5 стратегиеттик багыты

Жалал-Абад облусу орус өнөктөштөрү менен биргеликте төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди:
Чийки зат экспорттоодон жогорку кошумча наркты түзгөн биргелешкен өндүрүшкө өтүү. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу, машина куруу, жеңил өнөр жай жана кен байлыктарды кайра иштетүү долбоорлору сунушталды.

Облустун масштабдуу гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу, орусиялык технологияларды жана жабдууларды тартуу.
Агроөнөр жай комплекси: Экологиялык жактан таза азыктарды терең кайра иштетүү, заманбап логистикалык жана муздаткыч борборлорду түзүү.
Транспорт жана логистика: Кыргызстан, Россия жана аймактагы башка өлкөлөрдүн ортосунда Жалал-Абадды маанилүү логистикалык түйүнгө айландыруу.

Инвесторлор үчүн «бир терезе» принцибин киргизүү жана аймактык Инвестициялык кеңештин алкагында ар бир долбоорду коштоо.
Мындан сырткары, Тилек Текебаев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жана Россия Федерациясынын өнүктүрүү институттарынын кошкон салымын жогору баалап, келечекте айрым ишканаларды гана эмес, индустриалдык парктарды, логистикалык борборлорду жана кластерлерди топтом түрүндө каржылоого чакырды.

Сөзүнүн соңунда ал аймактар аралык түз байланыштар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөдө эң натыйжалуу курал болуп кала берерин кошумчалады
Даярдаган: Азема Сабырбекова