2030-жылга чейин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын экономикасындагы долбоорлорду каржылоого дагы 1 миллиард доллар багыттоону көздөөдө. Бул тууралуу РКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар» аттуу пленардык жыйында билдирди.

Форумдун негизги талкуу аянтчасына Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2030-жылга чейинки эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде өнөр жай кооперациясы, транспорттук-логистикалык инфраструктура, санариптик экономика, энергетика, каржы сектору жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников бүгүнкү күндүн негизги милдети жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айлантуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, бизнес чөйрөсүндөгү өз ара ишеним жана өнүктүрүү институттарынын натыйжалуу иши жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө негиз түзөт.
«Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Фонд долбоорлорду туура тандап, аларды ийгиликтүү ишке ашырып, татаал милдеттерди чече аларын көрсөттү», — деди Максим Решетников.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев РКӨФ эки өлкөнүн ортосундагы бизнести колдогон, инвестицияларды тарткан жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейткен негизги өнүктүрүү институттарынын бири болуп калганын белгиледи.

«Россиялык компаниялар Кыргызстанга инвестиция менен гана эмес, заманбап технологияларды да алып келүүдө. Бул эки өлкөнүн өндүрүштүк кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам», — деди Данияр Амангелдиев.

Фонддун келечектеги пландары тууралуу сөз кылган Артем Новиков алдыдагы стратегиялык максат экономиканы каржылоонун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүү экенин айтты.

«Эгерде биринчи миллиард долларлык каржылоого жетүү үчүн фондго он жыл талап кылынса, анда кийинки миллиард долларды 2030-жылга чейин камсыздоону максат кылып жатабыз. Бул РКӨФтүн Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролун жаңы сапаттык деңгээлге чыгарат», — деди Артем Новиков.
Пленардык жыйында ошондой эле инвестицияларды тартуу, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү, технологиялык өнөктөштүктү бекемдөө, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле энергетика, өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана санариптик тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова