9-сентябрь күнү Кочкор районуна үч атайын техника тапшырылды. Транспорт каражаттары жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү максатында сатылып алынганын ыйгарым укуктуу өкүл аларды тапшыруу аземинде билдирди. Чолпон айылы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен атайын техникага ээ болсо, Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, эки техника менен камсыздалды.


Бул оор жүк ташуучу унаа түз эле айылдагы социалдык объекттерди даярдоого тартылды. Жаңы келген Howo маркасындагы оор жүк ташуучу унаанын рулу айдоочу Руслан Андагуловго ишенип тапшырылды.


«Мага ушул унааны ылайык көрүп, өткөрүп беришти. Бул 371 аттын күчүнө ээ, 30 тоннага чейин жүк ташый турган заводдон чыккан жаңы машина.»
Жаңы унаа өзүнүн алгачкы рейсин ийгиликтүү аткарды. Айдоочунун айтымында, биринчи каттамда 26 тонна көмүр тартылып, айылдагы мектептер менен бала бакчаларга жеткирилди.
«Бул унаа айыл элине чоң жардам берет деген ойдомун. Көмүр менен камсыз кылгандан сырткары, кум, топурак тартып, дагы көптөгөн чарбалык жумуштарды аткарууга абдан ыңгайлуу», — деп коштоду сөзүн айдоочу.
Даярдаган: Илима Жумабаева.