Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебине Тынчтык Корпусунун K-32 тобунун ыктыярчысы Гвендолин Урбен келди.

Гвендолин Урбен
Мектептин директору Назгүл Кадырова жана англис тили мугалими Адинай Эсенгулова 21-августта Бишкек шаарындагы «Хаятт» мейманканасынын конференц-залында өткөн Тынчтык Корпусунун K-32 тобунун 24 жаңы ыктыярчысынын ант берүү аземине катышкан. Иш-чаранын алкагында алар жаңы ыктыярчылар менен жолугушуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу пикир алышып, Гвендолин Урбенди мектепке чакырышкан.

Солдо Эсенгулова Адина , оң жакта Гвендолин Урбен
Гвендолин Урбен алдыдагы эки жыл аралыгында англис тили мугалимдери Адинай Эсенгулова жана Айза Есеналиева менен биргеликте иш алып барат. Ал окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө жана тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө көмөк көрсөтөт.
Ыктыярчы менен кызматташуу окуучуларга англис тилин практика жүзүндө үйрөнүүгө, башка маданият менен таанышууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулууга шарт түзөт.

Мектеп директору Назгүл Кпдырова
Кызмат өтөөгө чейин K-32 тобунун ыктыярчылары 11 жумалык даярдоо курсунан өтүп, кыргыз тилин жана маданиятын, ошондой эле сабак өтүүнүн усулдарын үйрөнүшкөн.
Жаңы окуу жылында мектеп жамааты Гвендолин Урбенди жылуу тосуп алып, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.
Мектеп жамаатынын пикиринде, мындай эл аралык кызматташтык окуучулардын билим алуусуна кошумча мүмкүнчүлүк түзүп, алардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болот.
IMG_9269 IMG_9268
Даярдаган: И. Мөндүрбаева
25