Кыргызстандын «Ядролук көчмөн» («Ядерный кочевник») командасы «Глобал Хакатом» эл аралык студенттик чемпионатынын финалында үчүнчү орунду ээледи. Чемпионаттын финалдык этабы 14–15-сентябрда Екатеринбург шаарында Эл аралык жаштар фестивалы-2026нын алкагында өттү. Ага дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн улуттук этаптардын 80ден ашуун жеңүүчүсү катышты. Быйылкы сынактын негизги темасы — келечектеги «атомдук» шаарлардын концепциясын иштеп чыгуу болду. Катышуучуларга долбоорлорун даярдоого 24 саат убакыт берилип, белгиленген мөөнөттө идеяларын иштеп чыгып, калыстар тобуна презентациялашты.

Кыргызстандын «Ядролук көчмөн» командасы автономдуу сүзүп жүрүүчү «атомдук» шаарды түзүү боюнча долбоорун сунуштап, жыйынтыгында үчүнчү орунга татыды.
Биринчи орунду Россиянын «Акыл-эстин чегинен тышкары» командасы, экинчи орунду Түштүк Африка Республикасынын «Зулуленд университетинин жамааты» командасы ээледи.
Жаш илимпоздорду ийгилиги менен Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко куттуктады. Ал катышуучулардын идеялары жана долбоорлору келечектеги технологиялык өнүгүүгө салым кошоруна токтолду.
«Силердин долбоорлоруңар дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү жана алар технологиялык жетишкендиктер жана илимий ачылыштар үчүн гана эмес, адамдарга канчалык пайда алып келип, өлкөлөрдөгү жашоону канчалык өзгөртө алары менен маанилүү. Бүгүн биз сыймыктанган нерселердин баары бир кезде бирөөлөрдүн кыялы болгонун унутпаш керек», — деди Сергей Кириенко.
«Глобал Хакатом» — студенттер атом тармагындагы реалдуу маселелерге кыска убакыттын ичинде инновациялык чечимдерди иштеп чыга турган эл аралык чемпионат. Быйыл анын улуттук этаптары Азия, Латын Америкасы, Европа жана Африканын 15 өлкөсүндө өткөрүлгөн.
Чемпионат «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын «Обнинск Тех» эл аралык илимий-агартуу борборунун ишмердүүлүгүнүн алкагында өткөрүлүп, жаштар арасында атомдук технологиялар тууралуу билимди жайылтууга жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.