Күнтуу айыл аймагынын Чоң-Жар айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүктөрүн жаңылоо иштери башталды. Долбоор депутат Эдита Тайгараеванын демилгеси жана «Ас-Сафа» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Айылдагы эски ичүүчү суу түтүктөрүн алмаштырууга багытталган бул демилге жергиликтүү тургундардын көптөн берки көйгөйүн чечүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Чоң-Жар айылынын тургуну Эльмира Жумабекованын айтымында, таза суу маселеси айыл эли үчүн көптөн бери актуалдуу болуп келген:
«Таза суу — ар бир үй-бүлө үчүн эң керектүү нерсе. Суунун сапаты жана жеткиликтүүлүгү биз үчүн абдан маанилүү. Айылда суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталганына абдан кубанып жатабыз. Бул демилге элдин жашоосуна чоң жеңилдик алып келет деп ишенебиз. Элдин үнүн угуп, көйгөйүбүздү чечүүгө көмөк көрсөткөн депутат Эдита Каныбековнага терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Ал эми айыл тургуну Кубан Шакулуев суу түтүктөрүн жаңылоо көптөн күткөн иштердин бири болгонун белгиледи.
«Ичүүчү суу — жашоонун булагы. Айылдагы суу түтүктөрүнүн жаңыланышы көптөн күткөн иштердин бири эле. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Депутат айым Эдита Тайгараевага жана «Ас-Сафа» фондуна айыл элинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Башталган иштер ийгиликтүү аяктап, ар бир үй таза суу менен камсыз болушун каалайбыз», — деп билдирди ал.
Таза суу — калктын саламаттыгын сактоонун жана жашоо сапатын жакшыртуунун негизги шарттарынын бири. Бул долбоордун ишке ашырылышы Чоң-Жар айылынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана тургундарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.
Айыл тургундары долбоорду колдоп, анын ийгиликтүү аякташына тилектештигин билдиришүүдө.

Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Рамизова