Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал жана Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылдарында таза суу тутумдарын куруу долбоорлору толугу менен ишке ашырылды. Аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылган.

Жерге-Тал айылындагы таза суу тутумунун курулуштун казуу иштери 2024-жылы башталып, 2025-жылдын декабрь айында объектилер толугу менен кабыл алынган. Долбоордун жалпы наркы 30 млн 904 миң сомду түзүп, курулуш иштерин «Юг Строй» ЖЧКсы аткарган. Учурда объект бир жылдык кепилдик мөөнөтүндө болуп, курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ал эми Кайыңды-Булак айылында 108 млн 978 миң 500 сомдук долбоордун алкагында 11 чакырым 200 метр суу түтүгү тартылып, 46 даана кудук жана суу топтоочу мунара курулуп, анын айланасы тосулган. Курулуш иштери 2024-жылдын күз айларында башталып, подрядчы компания катары «Метаг Иншат Тиджарет Аноним Ширкети» ЖЧКсы иш алып барган.
Маалыматка караганда бүгүн өлкө боюнча бир нече айылда таза суу долбоору аяктап, аны КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касмалиевдин аралыктан катышуусу менен ачылды.
Бул долбоорлор айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоого, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова