Ысык-Көл жана Нарын облустарынын таланттуу жаштары катышкан «Достук шаңы» аттуу чыгармачыл жаштардын XVI регионалдык кароо-сынагында Төлөк айылындагы «Датка» кенже бий тобу жеңишке жетишти. Алар «Комузчу» бийин аткарып, 23 бий тобунун арасынан биринчи орунду ээлешти.
Нарын шаарында өткөн чыгармачыл жаштардын «Достук шаңы» аттуу кароо-сынагына Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун беш районунан бий, вокал жана комуз багыттары боюнча өнөрпоздор катышты. Бий сынагы катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша төрт категорияда өткөрүлдү. Анда 4–6, 7–9, 10–12 жана 12–14 жаштагы балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жалпысынан 23 бий тобу, 51 жеке бий аткаруучу жана аралаш топтор күч сынашты.
Төлөк айылындагы «Датка» бий тобунун жетекчиси Салтанат Абласованын айтымында, сынакта атаандаштык күчтүү болгон:
«Атаандаштарыбыз абдан күчтүү болду. Башында үчүнчү орунга илинсек экен деп үмүт кылып жаткам. Бирок жакшы көрсөткүч менен биринчи орунду багындырып келдик. Биздин кыздар башка топтордон эч кем калышпай, бийди абдан жакшы аткарышты», — дейт ал.
Жетекчинин белгилешинче, жеңишке жетүүдө бийдин аткарылышы менен катар сахнага чыгуу жана түшүү тартиби, кыймылдардын тактыгы, кийимдердин тандалышы, музыканын шайкештиги да эске алынган. «Комузчу» бийи сынактын талаптарына жооп берип, калыстар тобунун жогорку баасына татыган.

Төлөк айылындагы айылдык клубда вокал, бий, комуз жана кол өнөрчүлүк ийримдери иштеп келет. Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинин окуучулары бул ийримдерге активдүү катышып, беш жылдан бери өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүп келишет. Ийримдин тарбиялануучулары райондук, облустук жана республикалык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет. Алардын айрымдары учурда жогорку окуу жайларында билим алып, студенттик мезгилде да маданий иш-чараларга катышып, өнөрлөрүн көрсөтүп жүрүшөт.
«Мурда биз менен ийримдерге катышкан окуучулардын жогорку окуу жайларда окуп жүрүп, ар кандай иш-чараларга катышып, өнөрлөрүн көрсөтүп жатышканын угуп калганда өзгөчө кубанам. Демек, бала кезинде үйрөнгөн өнөрү алардын жашоосунда да кереги тийип жатат», — дейт Салтанат Абласова.


Учурда бий ийримине кенже курактагы жана жогорку класстардын окуучуларынан турган 20 бала катышат. Вокал багытында эки окуучу билим алса, комуз ийриминде 13 окуучу өнөр үйрөнүп жатат.
Ийрим жетекчиси мындан ары кол өнөрчүлүк багытын да өнүктүрүүнү пландап жатат. Айрыкча туризм өнүгүп жаткан учурда жергиликтүү өзгөчөлүктү чагылдырган улуттук сувенирлерди жасоого кызыгуу чоң экенин белгилейт. Алдыдагы максаттарынын бири жүн жана кийиз менен иштөөнү, илме шибеге, түймө сыяктуу улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтүүчү өзүнчө ийрим ачуу.
«Датка» бий тобунун жеңиши айыл жергесинде балдардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүдө маданий ийримдердин орду чоң экенин дагы бир жолу көрсөттү. Мындай демилгелер жаш таланттарды табууга гана эмес, улуттук маданиятты жана өнөрдү кийинки муунга өткөрүүгө да өбөлгө түзөт.

Даярдаган: Жасмина Мырзабекова