Зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылган маанилүү маселелердин бири. Ушул максатта Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Үнсүз калба!» аталышындагы форум уюштурулду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева катышты.

Форумдун негизги максаты — коомдогу зордук-зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана зомбулукка карата кайдыгер эмес мамилени калыптандыруу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Эдита Тайгараева ар бир аял, ар бир бала жана өлкөнүн ар бир жараны коопсуз чөйрөдө, басым-кысымсыз жашоого укуктуу экенин белгиледи:
«Үй-бүлөдө да, коомдо да ар бир адамдын өмүрүн, укугун жана кадыр-баркын коргошубуз керек. Зордук-зомбулукка кайдыгер карабай, жабыркагандарды жана күбөлөрдү унчукпай калбоого чакыруу — баарыбыздын милдетибиз», — деди депутат.

Форумда зомбулуктун алдын алуу бир гана укук коргоо органдарынын эмес, бүтүндөй коомдун жоопкерчилиги экени белгиленди. Анткени өз убагында көрсөтүлгөн колдоо жана кайдыгер эмес мамиле адамдын өмүрүн, тагдырын сактап калууга жардам берет.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында 1-ноябрь — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылууга салым кошуп келе жаткан бир катар кызматкерлерге ыраазычылык каттар тапшырылды.Депутат Эдита Тайгараева милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалады.

«Үнсүз калба!» форуму зомбулукка каршы күрөшүүдө коомдук жоопкерчиликти күчөтүүгө, жабыркагандарды колдоого жана ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кылууга үндөгөн демилге болду.
Даярдагандар: Раяна Рамизова, Нурайым Кеңешбекова