Чолпон айылындагы маданият үйү көп жылдан бери оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген. Имараттын чатыры эскирип, жаан-чачын учурунда суу өтүп, жарыктандыруу жана жылытуу системалары талапка жооп бербей калган. Быйыл Нарын облустук «Теңир-Тоо өнүктүрүү» фондуна сунушталган долбоор колдоо таап, 6,5 миллион сомго капиталдык оңдоо иштери башталды.
Чолпон айылындагы маданият үйүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери эскилиги жетип, оңдоого муктаж болуп келген имаратты жаңылоо демилгеси айыл өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, Нарын облустук «Теңир-Тоо өнүктүрүү» фондуна долбоор сунушталган. Учурда анын алкагында курулуш жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Чолпон айыл аймагынын башчысы Закир Козубековдун айтымында, маданият үйүнүн имараты буга чейин тогуз-төрөлүк бир жаранга 5 гектар жер тилкеси менен кошо 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бирок аталган жаран ижара акысын төлөбөй келген.
«Биз 2025-жылы ошол жаранды таап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, тиешелүү документтерин алып, имаратты жана жер тилкесин кайрадан айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алдык. Андан соң маданият үйүн оңдоп, элге кызмат кыла турган шарт түзүү аракетин баштадык», — дейт Закир Козубеков.

Анын белгилешинче, быйыл Нарын облустук «Теңир-Тоо өнүктүрүү» фондуна маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоор жазылып, колдоо тапкан. Бул демилгенин ишке ашуусуна облустун губернатору Нурбек Бейшеналиевичтин да көмөгү тийген.
«Губернатор менен элдик жыйын өткөндө биз айылдагы көйгөйлөрдү жана элге шарт түзүү боюнча сунуштарыбызды билдиргенбиз. Мен маданият үйүнүн абалын буга чейин эле байкап жүргөм. Имараттын эскилиги жетип, чатырынын айрым жерлеринен суу өтүп, жарыктандыруу системалары да эскирип калган. Айыл элине жакшы шарт түзөлү, кино көрсөтүлсө да, концерт же башка маданий иш-чаралар өткөрүлсө да, заманбап жай болсун деген максатта ушул демилгени көтөргөнбүз», — деп билдирди айыл башчысы.

Союз мезгилинде курулган маданият үйүнүн чатыры мындан 5–10 жыл мурда алмаштырылганы менен, сапаты начар материалдар колдонулгандыктан, кайрадан оңдоого муктаж болгон. Учурда чатыр толугу менен жаңыланып, имараттын ички бөлүгүнө жылытуу жабдуулары орнотулду.
Мындан тышкары, маданият үйүнүн бир капталына эки бөлмөлүү китепкана кошулат. Имараттын полу жаңыланып, коридоруна толугу менен кафель төшөлөт. Ошондой эле ички жасалгалоо жана башка керектүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Айыл башчысынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоо иштерин ноябрь айынын 20ларына чейин аяктоо пландалууда.

Жаңыланган маданият үйү Чолпон айылынын тургундары үчүн маданий иш-чараларды өткөрүүгө, концерттерди уюштурууга, кино көрсөтүүгө жана китепкана кызматынан пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзөт. Бул демилге айылдын маданий турмушун жандандырып, элдин эс алуусуна жана руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген үмүт бар.
Даярдаган: Амина Жумабаева.