Түп районунда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Иш-чараны М. Элебаев атындагы Түп райондук китепкананын жамааты (жетекчиси Нурайым Мелисова) өткөрдү. Ага Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаева, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирбек Баркалбасов, Түп райондук коммунисттик партиясынын катчысы Замир Батырканов баштаган партия өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чара тарыхта калган инсандарды жана кыргыз элинин башынан өткөн оор окуяларда курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай эскерүү менен башталды.
Катышуучулар кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү жана кайгылуу окуяларга токтолушту. Анын ичинде 1916-жылдагы Үркүн, совет мезгилиндеги саясий куугунтук, сүргүн жана массалык репрессиялар, 1938-жылы атылган 137 чыгаан инсан, ошондой эле эгемендик жылдарында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо курман болгон жаштардын эрдиги эскерилди.
Мындан сырткары, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган слайд көрсөтүлүп, улуттук тарых, тарыхый эс-тутум жана келечек муундун алдындагы жоопкерчилик тууралуу пикирлер айтылды.

Иш-чаранын негизги максаты — тарыхый окуяларды унутта калтырбоо, ата-бабалардын эрдигин урматтоо жана жаш муунга улуттук тарыхты таанытып, тарыхый эс-тутумду калыптандыруу.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров