2026-жылдын 2-ноябрында Нарын облусунда кыздар арасында эркин күрөш боюнча облустук мелдеш өттү. Анда Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 7-классынын окуучусу Элиза Каленова 33 килограмм салмак категориясында күч сынашып, I орунду багындырды.

Жаш спортчу мелдеште мыкты күрөш көрсөтүп, атаандаштарын жеңип, чемпион аталды. Бул ийгилик анын тынымсыз машыгуусунун, тартибинин жана спортко болгон аракетинин натыйжасы болду.

Мектеп жамааты жаш чемпионду жеңиши менен куттуктап, анын спорттук ийгилигине салым кошкон машыктыруучусуна жана ар дайым колдоо көрсөтүп келген ата-энесине ыраазычылык билдиришти.

Элиза Каленованын бул жеңиши мектептин гана эмес, жалпы аймактын жаштары үчүн да үлгү болуп, спортко болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт. Жаш чемпионго мындан аркы мелдештерде ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!

Даярдаган: Индира Мөндүрбаева