Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну Рахман жер тилкесине байланыштуу документтердин мыйзамдуулугу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды. Жолугушууда прокуратуранын өкүлдөрү жерге болгон менчик укугу соттун жасалма чечиминин негизинде катталган деген маалыматты айтып, учурда бул факт боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдиришти.

7-ноябрда Кант шаарында өткөн жолугушууда Рахман көп жылдык эмгеги менен курган үйүнөн жана жер тилкесинен ажырап калуу коркунучу бар экенин айтып, мамлекет башчысынан жардам сурады.
Анын айтымында, ал Россияда иштеп, айылда мал багып тапкан каражатына он жыл бою үй курган. Колунда соттун чечими жана жерге менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт («кызыл китеп») болгондуктан, жер тилкесин мыйзамдуу алганына ишенип келген.
Бирок быйыл 28-сентябрда прокуратуранын өкүлдөрү келип, жерди өз ыктыяры менен өткөрүп берүүнү талап кылышканын билдирди.
«Колумда соттун чечими, кызыл китебим бар болчу. Ошондуктан баары мыйзамдуу деп ойлогом. Мен бул документтердин кандай жасалганын билген эмесмин», — деп түшүндүрдү ал.
Прокуратура: сотто мындай иш каралган эмес
Жолугушууда Ысык-Ата районунун прокурору аталган жер тилкесинде мурда ветеринардык дарыкана жайгашканын билдирди.
Анын маалыматына караганда, жерге болгон менчик укугу 2014-жыл менен даталанган сот чечиминин негизинде 2020-жылдын 14-октябрында мамлекеттик каттоодон өткөн.
Бирок прокурордун айтымында, сотто мындай иш каралган эмес жана тиешелүү чечим чыгарылган эмес.
Анын түшүндүрмөсү боюнча, документ Сазанов аттуу жарандын атына таризделген. Кайрылуучу менен болгон мурдагы сүйлөшүүдө соттун чечимин алуу үчүн адвокаттарга, соттун айрым кызматкерлерине жана Кадастр кызматкерлерине 5 миң доллар берилгени тууралуу маалымат айтылган.
Прокурор бул жагдайлар тергөө учурунда текшерилип жатканын белгиледи. Документтерди даярдоого кимдер катышканы боюнча азырынча акыркы тыянак чыга элек.
700 чарчы метр жер 7000 чарчы метр болуп катталган деген маалымат текшерилүүдө
Райондук прокурор ушул эле ишке байланыштуу дагы бир жагдайга токтолду. Анын айтымында, Сазанов аттуу жарандын атына байланышкан башка сот чечиминде 700 чарчы метр жер көрсөтүлгөнү менен, мамлекеттик каттоодо анын аянты 7000 чарчы метр болуп жазылган. Башкача айтканда, документте көрсөтүлгөн аянт менен каттоодогу жердин көлөмүнүн ортосунда он эсе айырма бар. Прокурор бул жагдай боюнча да тергөө жүрүп жатканын билдирди. Ички иштер органдары кылмыш ишин тергеп жатат
Жолугушууда Ички иштер министрлигинин өкүлү райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгонун ырастады.
Анын маалыматына ылайык, арыз сентябрь айында түшкөн. Учурда документтердин аныктыгын жана аларды даярдоого тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары, анын ичинде кол жазмага байланыштуу экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров соттун чечими кандайча даярдалганын жана анын негизинде жерге болгон менчик укугу кантип катталганын тактоону талап кылды.
Мамлекет башчысы документтерди жасоого катышкан адамдар аныкталса, кызмат ордуна карабастан мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.
«Бүт тергеп, адилеттүүлүктү ордуна койгула. Анан мага жыйынтыгын айтып коёсуңар: кимдер жасаган, кимдер кармалды», — деди президент.
Үй курган жарандын укуктары кандай корголот?
Жолугушууда Рахман үй курууга жумшаган каражаты жана жер тилкесинин документтерин мыйзамдуу деп эсептеп келген жагдайы эске алынышын өтүндү. Бирок анын үйүнө жана жер тилкесине байланыштуу акыркы укуктук чечим жарыяланган жок. Учурда тергөө сот чечиминин аныктыгы, жерге болгон укуктун мамлекеттик каттоодон өтүшү жана бул иштерге тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдардын аракеттери боюнча жүргүзүлүүдө.
Бул окуядагы негизги маселелердин бири — мамлекеттик органдар тарабынан катталган документтерге ишенип, үй курган жарандын укуктары жана мүлктүк кызыкчылыктары кандай корголору.
Президент жооптуу органдарга ишти толук иликтеп, жыйынтыгын өзүнө билдирүүнү тапшырды. Тергөө аяктай элек болгондуктан, мыйзам бузууларга кимдер күнөөлүү экени боюнча акыркы укуктук баа бериле элек.
Даярдаган: Венера Шонкоева