7-ноябрда Кант шаарында өткөн Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда дыйкан Төлөнбек Мээсибек уулу президент Садыр Жапаровго кайрылып, айыл чарба продукциясынын сатуу баасы өндүрүшкө кеткен чыгымдарды жаппай жатканын билдирди. Ал дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Дыйкандын айтымында, Чүй облусунда кант кызылчасын, жүгөрү жана дан эгиндерин өстүргөн фермерлер жыл сайын чыгымга учурап жатышат. Буга жер семирткичтердин, дизелдик отундун жана башка керектүү каражаттардын кымбатташы себеп болууда:
«2023-жылдан бери кант кызылчасынын, жүгөрүнүн жана башка продукциялардын баасы дээрлик көтөрүлгөн жок. Бирок жер семирткич, солярка — баары кымбаттады. Жылдан жылга зыян тартып жатабыз. Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде карап берсеңиздер», — деди Төлөнбек Мээсибек уулу.

Кант кызылчасынын сатып алуу баасы жогорулаган
Дыйкандын кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдон түшүндүрмө берүүнү суранды.
Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр кант кызылчасынын сатып алуу баасы килограммына 5 сом 20 тыйын болсо, быйыл 5 сом 40 тыйындан 5 сом 60 тыйынга чейин көтөрүлүүдө. Ал эми дыйкандар бааны 6 сомго жеткирүүнү суранып жатышат. Министр жер семирткичтер менен күйүүчү майдын кымбатташы фермерлер үчүн олуттуу көйгөй экенин моюнга алды. Анын айтымында, 2027-жылга карата Өзбекстан менен жер семирткич жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Кыргызстанда 40 кампа ачуу пландалууда. Мындан тышкары, мурда 65 сом турган жер семирткичти мамлекеттик колдоонун алкагында 41 сомдон жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Ошондой эле дыйкандарга субсидиялар берилип жатканы белгиленди.

Кантты импорттоону чектөө жана жүгөрүнү экспорттоо маселеси
Жолугушууда жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында чет өлкөдөн кант алып келүүнү чектөө маселеси да талкууланды. Министрдин маалыматына караганда, бул багыттагы сунуш коомдук талкуудан өтүп, учурда Президенттин администрациясында каралууда. Ал жергиликтүү айыл чарба продукциясын колдоо үчүн мурда да айрым товарлардын импортун чектөө боюнча чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
Жүгөрү боюнча Кытай менен экспорттук сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, ошондой эле Тажикстанга жана Өзбекстанга экспорт жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Ысык-Атада жаңы логистикалык борбор куруу пландалууда
Жолугушууда президент Садыр Жапаров Кытайдын Улуу-Чат аймагындагы логистикалык борбордун ишмердүүлүгүнө да кызыкты.
Министрликтин өкүлү борбор иштеп жатканын жана анын ишмердүүлүгү «Агрохолдинг» аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Ошондой эле Ысык-Ата районунда жаңы логистикалык объект куруу пландалып жатканы маалымдалды. Долбоорго 1,5 миллион доллар каралып, курулуш иштерин быйыл баштоо көздөлүүдө.
План боюнча, Ысык-Атадагы жаңы объект Кытайдын Улуу-Чат аймагындагы логистикалык борбор менен байланышып, айыл чарба продукциясын экспорттоого кошумча мүмкүнчүлүк түзүшү керек.
Дыйкандар чыгым менен кирешенин айырмасын белгилешти
Жолугушууда айыл чарба тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — продукциянын сатуу баасы менен аны өстүрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырма экени айтылды.
Министрликтин өкүлү түшүм мол болгон жылдары продукциянын баасы төмөндөп, түшүм аз болгон учурда жогорулай турганын түшүндүрдү. Ошол эле учурда сугат суу, жер семирткич жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр боюнча мамлекеттик колдоо чаралары улана турганын билдирди.
Дыйкандар болсо айыл чарба продукциясына өндүрүш чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк берген туруктуу баа түзүү маселесин мамлекеттик деңгээлде кароону суранышты.
Даярдаган: Венера Шонкоева