ШАРЫПБЕК АБДЫЛДАЕВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ УСУЛДУК БИРИКМЕЛЕРДИН ДЕКАДАЛАРЫ ӨТТҮ

Декаданын алкагында мектептин филологиялык усулдук бирикмесинин мугалимдери тарабынан ачык сабактар уюштурулду. Ар бир мугалим өз алдынча тема тандап, ошол теманын негизинде ар кайсы класстарда ачык сабактарды өтүштү.


Ачык сабактардын жүрүшүндө мугалимдер заманбап окутуу усулдарын, интерактивдүү ыкмаларды жана түрдүү көрсөтмө куралдарды натыйжалуу колдонушту. Бул ыкмалар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алардын активдүү катышуусуна шарт түздү.

Өткөрүлгөн ачык сабактар жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуулугу, чыгармачыл мамилеси жана мугалимдердин методикалык чеберчилиги менен айырмаланды.
Мындай иш-чаралар мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусуна, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүсүнө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.
Света Өмүркулова