
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айбек уулу Чыңгыз грек-рим күрөшү менен үч жылдан бери алектенип келет. Облустан биринчи орунду, республика жана Казакстандандан үчүнчү орунду ээлеп, Чолпон–Ата шаарынан КМС (кандидат в мастера спорта) наамын алган.
Чынгыз Айбек уулу грек-рим күрөшү башка күрөштөрдөн бир топ эле оор экендигин, жана спорт менен алектенүү ден-соолука пайдалуу экенин айтып өттү.
“Мен спорт менен алектенгениме төрт жылга жакындап калды. Төрт жылдан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим, эң биринчи катышканда шыгым жок болчу. Бир-эки жумадан кийин үйрөнө баштадым. Буга чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. КМСтин грамотасын облус боюнча мен эле алгам. Алып жатканда агайларым, өзүм аябай сүйүнгөнбүз” , – деп билдирди өз оюн жаш спортчу.

Спротчунун апасы Завира Атантаева баласы менен сыймыктанаарын, ар бир жеңишин тең бөлүшүп, колунан келишинче колдоп тураарын, жеңишине кубанычын жашырган жок.
“Баламдын күрөшкө катышуусуну болгон аракетибизди жумшайбыз. Машыгууларына баргызабыз. Ата-эне балдарына кандай кам көрсө, биз дагы ошондой эле кам көрөбүз. Бардык керектүү нерселер менен камсыздап турабыз, спорт менен алектенгени өзүнүн ден-соолугуна жакшы, алыс жерлерге барганда пайдасы тийет”, – деп айтты Атантаева.
Мектептин дене тарбия сабагынан берген мугалими Тилекмат Атагулов Чыңгыздын грек-рим күрөшүнөн машыктыруучусу. Спорт боюнча балдарды машыктыруу менен алты жылдан бери алектент жана Чыңгыз тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.
“Чыңгыз өтө талантуу бала жана эмгекчил. Ар дайым машыгууга убагында келип турат, калтырбайт”, — деп билдирди Атагулов.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова
Сынак үчүн