
Ленин атындагы мектебинин ашканасына жаңы жабдуулар орнотулуп ишке берилди. Бул маалыматты кененирээк билиш үчүн мектеп ашканасынын башкы ашпоозчусу менен маектештик.
Салтанат Үзөнканова он эки жылдан бери мектеп ашканасында эмгектенип келет. Жаңы санитардык жабдуулардын орнотулушу окуучуларга эле эмес, ашкана кызматкерлерине да ыңгайлуулуктарды алып келгенин айтат.
«Балдарга аябай ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти. Мисалга алсак, үч катмардан турган нан бышыргыч орнотуп беришти», — деди ал.
Ашканага жаңы жабдуулар орнотулуп, иштеп жаткандыгына Нуржамал Боронбаева өз оюн билдирип кетти.
«Бул жаңы жабдуулар коюлганына өткөн жылы февраль айында Суу санитария гигиена деген проект менен эки күн Талас шаарына барып окуп келдик. Ушул долбоордун негизинде эки айлык мектеп мугалимдерине окуу жүргүзгөнбүз. Анын иштерин аткакарганбыз. Ошонун негизинде үч жылдыздуу сертификат тапшырышып, анын натыйжасында жабдыктар орнотулду», — деди Боронбаева.
Боронбаеванын билдиришинче, окуучулар жана ата-энелери буга ыраазы болуп жатышат. Эми аристон орнотулуп, муздак жана ысык суу киргизебиз дейт ал.
Бул ашкана жабдыктардын жаңылануусуна Бакай-Атадагы Ленин мектебинин окуучусу Исабек Акбаев кубанганын айтат.
«Биз буга чейин эшике барып кол жуучубуз. Азыр мектептин ичине жууп жакшы болду», — дейт Исабек.
Даярдаган: Арфат Түмөнбеков, Амантур Сейталиев
Сынак үчүн