Баткен шаарында жаштардын жаркын окуясы «ЖаштарКемп 2015» 14-ноябрда белгиленди. Аталган иш чарага 350 жаш активисттер катышты.
“ЖаштарКемп” жылына өткөрүлүүчү жаштардын иш чарасы болуп, Кыргызстандагы жаштардын өнүгүшүнө шарт түзүп берүү. Ошондой эле Баткен облусунда жалпы 350 жаш активисттер Баткен облусунун шаар жана айылдарынан келип катышышкан.
Атайын Бишкек, Ош шаарларынан келген спикерлер Сапаргүл Абдинабиева журналистика боюнча алган билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшсө, Бахром Рахманкулов “Жаштар саясаты” боюнча келген жаштарга маалымат берип өттү.
Ар бир катышуучу өздөрү жактырган тармактарды тандашып, маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышканын билдирет катышуучулардын бири Аскат Мусабеков (катышуучунун суранычы боюнча аты өзгөртүлгөн….).
Ошондой эле Сүлүктү, Исфана, Кулунду, Кадамжай шаарынан, Уч-Коргондон жаштардын лидерлери, ыктыярчылары менен биргеликте активдүү катышып жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөрүн билдирет ЖаштарКемптин Баткендеги жооптуу өкүлү Дилшат Мавлянов.
“Мен баардык жаштарга спикерлерге, Баткен мамлекеттик университетинин башчысына, Баткен райондук жаштар миграция бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Сайкаловго, ыктыярчыларга, терең ыраазычылыгымды билдирем”, — деп кошумчалады Дилшат Мавлянов.
Үч-Коргондо жайгашкан “Медиа РАЙ” коомдук фондунун жаштары да иш чарага катышып, пайдалуу кеп-кеңештерди алагандарын айытышат.
“Биз бүгүн ЖаштарКемпке катышып жатабыз, мен ойлойм көптөгөн жаңы маалыматтарды алдык. Үч-Коргон мультимедиалык борборунда ыктыярчымын мындан ары да жакшы аракет кылып айылыбызды деңгээлин көтөргөнгө салым кошконго аракет кылабыз”, — дейт Ирода Хасанова.
Даярдаган: Арипов Атабек