Кыш жакындап кар жааганына карабай табийгый шарты катаал болгон Кошбулак аймактык башкармалыгында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин «Өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу иш-чаралары» долбоору ишин баштады.
«Жерди кар басып жолдор тайгак болгонуна карабай МЧСтин техникалары кызуу иш жүргүзүп жатат. Биз айыл четинде жашаган сегиз турак жай ээлери өтө кубанып жатабыз. Себеби биздин турак жайларды селден коргоп турган сай сел калдыктарына толуп тегиз болуп бизди сел каптоо кооптуулугу бар болчу. Эми узундугу 1.5 чакырым болгон сай толугу менен тазаланып, сел калдыктары бир чакырым жерге ташылып салынды. Биз өзгөчө ыраазы болгон жерибиз кыска убакыт ичинде ушунча чоң иш жасалды, анан да кар жаап турганына карабай таң аткандан күн батканга чейин МЧСтин жумушчулары иштеп жатат. Эл да жөн карап турбай кезек менен жумушчуларга ысык тамак, ысык чай берип колдоп турабыз.Алыска каттап иштеп убакыт текке кеөпесин деп Матубраимов Орол аксакал өз үйүнөн жумушчуларга жатаарга орун да даярдап берди. Кыскасы бири бирибизди колдоп иш кызуу жүрүүдө»- дейт Студенческая айылынын башчысы Пирманов Саттарбай.
«Быйылкы жылы Баткен облусунун көп жерлеринде сел болгондуктан «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоорунун оор техникалары бошой албай калып Сүлүктү шаарына кечирээк келип калды. Анткени каражат ченемдүү болгондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көйгөйдүн приоритеттүүлүгүнө карата ирээти менен аткарат. Бизге караганда көйгөйлүү маселелер Лейлек районунда болгондуктан аларды бүтүрүп анан бизге келди. Эл да түшүнүү менен кабылдап аз болсо да колдон келген салымын кошуп жатат. Бул жумушчуларга да дем берип иш кызуу жүрүп жатат. Быйылкы жылы Сүлүктү шаары боюнча төрт обьект: Студенческая, Д. Жороев, Макаевка айылдары жана Ак-Жар конушу кирген. Бүгүнкү күндө Студенческая айылын толугу менен колдон чыгардык»-дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын I вице-мэринин милдетин аткаруучу Бакытбек Эркинович Сапаркулов.
Кабарчы: Б. Юсупова