
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундарынын кышка даярдануусу тууралуу айтып бермекчибиз. Кара-суулуктар кышка жакшы даярдык көргөнүн айтышты.
Айыл тургуну Дамира Кнатова кышка күздөн баштап даярданат. Жашылчалардан салат жасап, жемиштерден варенье, компот жабат.
«Отунду көмүрдү эрте эле даярдаш керек, малдардын жыйын чөбүн жайдан баштап жыйнап, чогултабыз. Ошондо гана кыштын суугунан коркпой жашаганга болот», — деп билдирди ал.
Эми жыйын-терин бүтөйүн деп калды. Жыйнап бүткөндөн кийин көмүр алаарын айтат ал.
«Азырынча тезек, отун ичегилерди дайындап алганбыз. Кышкыга даярдык жакшы эле буйруса», — деп кошумчалады Кнатова.
Айылдын дагы бир тургуну Назира Асанкулова кышкыга көмүр ала элек. Түшүмдү саткандан кийин кышкыга керектүү каражаттарды алаарын айтат.
«Отунубуз, тезегибиз даяр. Түшүм алдык, эми түшүмдү сатсак көмүр алабыз. Кышкыга ошол күзүндө короодогу жашылча жемиштерден салат кылып алдык. Балдарды кийинтип баары жакшы болот го», — дейт ал.
Нурадил Азаркулов болсо, кышкыга жайында эле даярдык көрө баштайт. Анткени кыш деген кыштыгын кылып, барыбир суук болот дейт ал.
«Ошого эртерээк эле кам көрөм. Малга тоют даярдабасаң, мал ачка болот. Ошон үчүн малга да тоют даярдаш керек», — деди Азаркулов.
«Азыр эсим ооп картошка, пиязды көмгөнгө оро казып жатам. Көмүр алдык. Жер айдаш керек, жазгыга балдарды кийинтиш керек», — дейт Кара-Суу айылынын дагы бир тургуну Болот.
Аккептер медиа борборунун атынан айылыбыздын тургундарына ден-соолук кааламакчыбыз.
Даярдагандар: Элина Азаркулова, Саида Джусупова
Сынак үчүн